Калпагыңды туура кийчи, кыргызым! Калпак тууралуу маалыматтар

Биз Калпак күнүн белгилегенибиз менен, анын ыйыктыгы, кол тийбестиги, баалуулуктары мамлекет жана эл жакшылары тарабынан корголбой, кордолуп турган кез.

Ушу тапта көпчүлүгүбүз калпактардын баарын "бир эле калпак" деп түшүнүп, базарларга, соода борборлоруна барганыбызда аны "жарашыгына", "өлчөмүнө" карап тандап калдык. Бул - улуу баш кийимибиздин баалуулуктарын жакшы билбей баратканыбыздын далили.

Дагы кошумча айтайын, байыркы кыргыз жашоосунда калпак аялзаты тарабынан даярдалып тигилип, энеден кызына өтүп отурган. Кийин Совет доорунда улуттук баш кийимибизди уз-чеберлер гана тиге башташты. Эгемен өлкө болгонубуздан тарта рынок экономикасынын катаал шарттарында калпагыбыз бизнеске айланып, баштапкы баалуулуктарынан ажырады. Кесе айтканда, биз ыйык туткан баш кийимибиз мончолордо пайдаланылып, тойлорго жайылган дасторкондордо бүтүн бышырылган козулардын башына, анан акыры барып көргөзмөдө итке кийгизилди!!!

Ошондуктан, "ЭлТР" МТРКнын "Мурас сабаты" көсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков алгач ушул улуу баш кийимибиз менен баштап, анын Кыргыз атамдан бери бузулбай келе жаткан негизги баалуулуктарын кайра калыбына келтирүү маселесин бир нече манасчы, илимпоз, этнограф, кыргыз таануучулар менен биргеликте талкуулап, бир бүтүмгө келген.

КАЛПАКТЫ КУРАГЫНА ЖАРАША КИЙҮҮ

Бала калпак

Бир жаштан 13 жашка чейин, татктап айтканда бир мүчөлү болгонго чейинкилерди жашыл кыюуланган калпак кийишкен. Демек, жашыл түс өсүп келе жаткан куракты түшүндүрөт. Калпактын беттерине, тактап айтканда, төрт талаасына "умай эненин" белгиси коюлат. Умай эне - балдардын төрөлүшүн жана алардын төрөлгөндөн кийинки убактарында амандыгын, ден соолугун сактаган мифтик эне.

Жигит калпак

Жигит калпактын кыюусу кызыл баркыт менен кыюланат. Көрсө, кызыл түс бышып жетилгенди түшүндүрүп, балдар бир мүчөлү болгондон тартып балакатка жетип (13 жаш), "боз улан" кезден жигит куракка өтүп, кыз жандай баштайт.

Ал эми улуу баш кийимибиздин талааларына жигит калпактан тартып уруусунун "эн белгиси" коюлат.

Күйөө калпак

Ал эми, жигитке үйлөнгөндөн тартып чыйратылган аламач (ак-кара жиптин эшилген түрү) жип менен кыргакталган ак калпак кийгизилген. Аны кызды төркүнөн алып кетүү тоюнда кыздын жеңелери күйө баланын кызыл калпагын чечип, жогоруда аталган калпакты кийгизишкен. Бул, аламач жип - турмуштун жолуна түштү, аялы бар деген белги. Ак-кара – турмуш жолу.

Ал эми калпактын бетине, тактап айтканда, төрт талаасына уруусунун "эн тамгасы" түшүрүлөт.

Балалуу болгондо кийе турган калпак

Балалуу болгондон баштап кара баркыт менен кыргактары четтелип, талааларынын четтерине ак-кара турмуш жолу түшүрүлүп тигилген калпак кийишкен. Бул, артында балдары, изи бар деген түшүнүктү билдирген.

Калпакты төрөлгөн баланын "кыркын" чыгарган салтанатта чоң энеси жок болсо өз энеси, ал да болбосо атасы менен бир туугандардын аялдарынын улуусу тилек айтып кийгизген.

Ал эми калпактын бетине, тактап айтканда, төрт талаасына уруусунун "эн тамгасы" түшүрүлөт.

Өз алдынча үйлүү болуп, отон курганда кара манат менен кыюуланып, талааларынын четиндеги бирдей аралыктагы кош сызыктын ичине ак-кара изи түшүрүлгөн калпак кийишкен. Мындан анын өз алдынча үйдүн кожоюну болуп, элге дагы бир түтүн кошулду деген маанини туюндурган. Мисалы, талаалардагы бирдей аралыктагы кош сызык - өз алдынча түтүн, элдин эсебине кошулду деген маани.

Ал эми калпактын бетине, тактап айтканда, төрт талаасына уруусунун "эн тамгасы" түшүрүлөт.

Ошентип, кырк жашка чыкканда кара манат менен кыюуланып, талааларындагы бирдей аралыктагы кош сызыктын ичине ак-кара изи түшүрүлгөн, эки жагы айры калпак кийишкен. Мында, эр адам турмуштун ысык-суугуна бышты, үй-бүлөсүн эле эмес, уруунун же мамлекеттин өтүлүн алганга жарап калганы билдирилет.

Ал эми эки жагындагы тилиги – чекиттен чексиздикке деген маани, же акыл-эси толду дегенди туюндурат. Бул калпакты кийген кишинин жоопкерчилиги күчөп, башкаларга өрнөк болуу милдетин моюндай баштайт. Натыйжада, мындай калпакты алтымыш жашка чейин кийишкен.

Калпактын бетине, тактап айтканда, төрт талаасына уруусунун "эн тамгасы" түшүрүлөт.

Бул - кара манат менен кыюуланып, талааларындагы бирдей аралыктагы кош сызыктын ичине ак-кара изи түшүрүлгөн, алды-арты айры калпак алтымыш жаштан жогору кийилген. Себеби, калпактын алды-артындагы тилиги – чекиттен чексиздикке же чечмелеп айтканда, чексиз акыл-эске ээ дегенди билдирет. Анткени, бул жашта адамдын колунан азыраак иш өнүп, карылыкка моюн суна баштаганы менен, турмуштук тажрыйбасы артып, акылы тунуп, алды-артын көрүп калды дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн кыргызда "карынын кебин капка сал" деп бекеринен айтылбаптыр да.

Ал эми калпактын бетине, тактап айтканда, төрт талаасына уруусунун "эн тамгасы" түшүрүлөт.

Сексен жаштан аркы карылар көп деле калпак кийе алышкан эмес, алар жайы-кышы көбүнчө көрпө тебетей, түлкү тебетей, суусар тебетей кийишкен. Анткени, бул куракта адамдан эт качып, жылуулукту сүйө баштайт. Анын үстүнө кыргыздар тоо таянып, жайы салкын, кышы суук жерлерде жашашканы баарыбызга маалым.

КАЛПАКТЫН СЫРЛАРЫ

Калпактагы негизги түс

Кыргызда күйө калпактан тарта негизинен ак-кара түс гана болот. Кээ бир жигиттер кийизи да, баары кызыл калпак кийип жүрүшөт. Дегеле мындай түстөгү калпак болгон эмес. Эгер салыштырмалуу айтсак, ал жаман белги. Анткени, кыргыздар кыйын учурга кептелгенде жоого жарактуу азаматтар баштарына кызыл жоолук байланышкан. Бул – башымды канжыгага байладым, артка жол жок деген түшүнүк. Бул кызыл калпак ошол түс менен үндөшүп, анын тилеги жаман болуп жатпайбы! Ушул баш кийимибиздин катылган ыйык касиеттерин сактай албаганыбыздан улам, мамлекетибизде өнүгүп өсүү болбой жатат деген да ой кетет.

Калпактын төбөсүн басып кийүү - басынтуу

Эми кээ бир замандаштарыбыздын билбестиктен калпагынын төбөсүн басып кийген учурлары да кездешет. Бул да туура эмес, эмне үчүн? Кыргыздын байыркы көчмөн жашоосунда уруулар бири-бирин чаап алган кездери да көп болгон. Ошондо чабылган уруудагылар калпагынын төбөсүн басып кийип жүрүшкөн. Анткени, үстөмдүк кылган уруулар аларга ушундай талап коюшкан. Аш-тойлордо да калпагынын төбөсү басылгандар үстөмдүк кылган уруудагылардан, жашы улуу болгонунуна карабабастан кийин отурушкан.

Калпакты башкаларга кийгизишкен эмес!

Кыргыздар калпакты башкаларга кийгизишкен эмес, керек болсо карматуудан да баш тартышкан. Анткени, калпакты бергениң, башыңды кошо бергениң менен барабар. Мындай учурда "дөөлөт", "кут" качат.

Ошол эле учурда калпакты кудаа-сөөктөргө, дос-чарларга да берген эмес. Ар ким мартабасына жараша суусар, түлкү тебетей кийгизишип, чепкен жабышкан.

Аза калпак

Айталы, кыргызда кийизи да, кыюусу да кара калпакты аялы каза болгон кишиге кийгизишкен. Анын азасы бар адам экенин туюнтуп, ага башкалар урмат-сый менен мамиле кылышкан. Ошол эле учурда, ага жар табууга шарт түзгөн.

Эгерде эр адамдын өзүнөн улуу жакын туугандарынан көз жумса, алар калпагынын алды жагын түшүрүп кийишкен. Ал эми калпактын артын түшүрүү - өзүнөн жаш, артын улай тургандардан каза болгонун түшүндүргөн.

КАЛПАКТАГЫ БЕЛГИЛЕРДИН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ

Калпак - өтө ыңгайлуу, ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган жана терең философияга ээ баш кийим. Ал аркылуу кыргыз элинин ишенимин, руханий дүйнөсүн, купуя сырларын, каада-салттарын билүүгө болот. Мисалы, бул баш кийимибизди капталынан карасак, ак мөңгүлүү Теңир-Тоону элестетет. Ушундан эле калпак кийгендерди тоодо жашаган эл экенин билсе болот. Ал эми кайрымы болсо, ошо тоону жакалап жашаган калк дегенди түшүндүрөт.

Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат. Ал төрт талаа жердеги адам жашоосунун негизи – жер, аба, суу, от. Анткени, кыргыздар байыркы эл болгондуктан, адам жашоосундагы эң керектүү төрт зарылдыкты ыйык тутушкан.

Бул ыйык баш кийимибиздин төбөсүндөгү кошуу сызыгы – күндүн белгиси, анын жарыгы төрт тарапка тең тегиз тийет деген маани. Ал эми, калпактын ичиндеги боштук да жөндөн-жөн эмес, аны "куттун уясы" деп коюшкан ата-бабалар. Анткени, акыл-эстин уясы баштын төбөсүндө болсо, куттун уясы ошо төбө менен калпактын чокусуна чейинки боштукта. Бул "куттун уясына" кийинки "Калпактын тарыхы" бөлүмүндө кенен токтолом.

Калпактын төрт жагындагы кара кыргактары - бийиктикке жетүүнүн жолу же жер менен чексиз ааламды, көктү, асманды бириктирген жол.

Талааларындагы бирдей аралыктагы кош сызык – өз алдынча үй-бүлө болуп, отон куруп, негизги турмуш жолуна түшү. Элдин эсебине түтүн болуп кошулду деген түшүнүк.

Ал эми, калпактын талааларынын четиндеги кош сызыктын ичиндеги ак-кара – артында изи бар дегенди туюндурат, тактап айтканда, бул - туяк.

Калпактын эки жагындагы тилиги (ачасы) болсо, чекиттен чексиздикке деген маани, же акыл-эси толду дегенди туюндурат. Чекиттен чексиздикке – бул адам акыл-эси чексиз дегенди билдирет. Мындай калпакты кийген кишинин жоопкерчилиги күчөп, башкаларга өрнөк болуу милдети жүктөлөт. Ошондой эле, тилиги (ачасы) бар калпак кишинин турмуштун ысык-суугуна бышканын, үй-бүлөсүн эле эмес, уруунун же мамлекеттин өтүлүн алганга жарап калганын билдирген.

Калпактын чокусундагы чачысы, кээде чогу деп да аталат – бул биримдиктин белгиси. Эгерде чечмелесек, чачысы – эл, ал эми чачы менен калпактын кошуу сызыгынын кесилишкен жерин бириктирген боосу – бул элдин башында турган киши. Тактап айтканда, көпчүлүктүн бир кишиге баш ийүүсү.

Ал эми калпактын беттерине (калпактын талааларына) ар бир уруу өз эн белгилерин түшүргөн туура. Анткени, кыргыз жашоосунда эн тамгалардын баш кийимге, чектерине, колдонгон буюмдарына, малдарына да салып келгендиги боюнча окумуштуулардын далилдери бар.

Эгерде, калпакка ар бир уруу өз эн тамгаларын салып кийе турган болсо, улуу баш кийимибиз башкаларга белек болуп берилбей, ыйыктыгы артат.

КАЛПАКТЫН ТАРЫХЫ

Калпактын качан, кайсы кылымда пайда болгонун эч ким так айта албайт. Анткени, анын учугу байыркы доорлорго барып такалат. Алгач калпакты баары эле кийген эмес. Анткени, манасчы Рыспай Исаковдун айтымында, Абалкан кан кырк уруу башчыга калпак кийгизген, адегенде бул баш кийимибиз башкаруучуларга гана таандык болгон.

Кээ бир кыргыз таануучулар калпакты пирамидага салыштырып жүрүшөт. Бул туура эмес, калпак ага чейин эле болгон. Анткени, биз жогоруда калпакты ак мөңгүлүү Теңир-Тоо менен байланыштырдык. Ошол эле учурда кыргыздар ошо тоону жакалап жашаган калк экендиги тарыхта белгилүү. Муну менен айтайын дегеним, илимпоздор да пирамиданын чокусу Кан-Теңирге окшош экенин айтып келишет. Мисалы, тарыхчылар белгилешендей, пирамиданы кургандар Теңир-Тоодон барышкан. Натыйжада, арийлердин миграциялык толкуну Египетке да жеткен. Алар пирамиданы өздөрү ыйык туткан тоонун (Теңир-Тоо) элеси катары салышкан.

Ушул жерден кошумчалай турган маселе, биз сөз кылып жаткан пирамидада окумуштуулардын башын катырган, ушу күнгө чейин күнү күнкүдөй сакталып турган фарондордун сөөгү да, аталган курулуштун теңинен жогорку бийиктигине коюлган. Муну калпактын "кут уясына" салыштырсак болот. Анткени, акыл-эстин уясы баштын төбөсүндө болсо, куттун уясы ошо төбө менен калпактын чокусуна чейинки боштукта. Эгер пирамидага салыштыра турган болсок, кийилип турган калпактын ичиндеги боштук-куттун уясы – "түбөлүктүүлүктүн катмарыбы" деген да ойго келесиң.

Археологиялык казууларга таянсак, мисалы, Алтайдагы "Пазырык" көрүстөнүнөн чыккан биздин заманга чейинки 8-9-кылымдарга таандык калпактын бийиктиги 60 сантиметрден 80 сантиметрге чейин болсо, убакыттын өтүшү менен баш кийимибиздин негизги баалуулуктары гана сакталып, формасы өзгөрүп, бийиктиги үчтөн бир эсеге кыскарды.

Ал эми, мурда калпактын төбөсүндөгү кошуу белгисине каркыранын канаты сайылып бекитилип келсе, азыр ага чачы тагылып калды.

Ошол эле учурда мурда калпакты кийүү салты байыркы уламыштарга, тотемдик түшүнүктөргө таянылып келген.

Калпак өзүнүн формасын өзгөртсө да, нукуралуулугун жоготпой, адам акыл-эсинин өсүшү менен тереңдеп, XXI кылымга кандай болуп жеткени тууралуу жогоруда тааныш болдуңуздар.

Жыпарбек Абдыразаков


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД