Ош облусунун Өзгөн району өзүнүн күрүчү менен белгилүү. Дал ушул даңктуу азыкты өндүргөндөрдүн бири Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кароол айылынын тургуну Сталбек Сатыбалдиевдин чарбасы менен таанышып, күрүч өстүрүүнүн күңгөй-тескейи тууралуу маек курдук.
Сталбек Сатыбалдиев күрүч өстүрүүнүн сырлары менен бөлүшүп, дыйкандардын ал-абалы, көйгөйү менен кубанычы тууралуу айтып берди.