Ишкерлик жана адам укуктары Кыргызстанда салыштырмалуу жаңы тема. Анын жигердүү өнүгүүсү коомдун жашоонун ар кыл тармактарына жана ар бир адамга бизнестин тийгизген олуттуу таасирине байланыштуу.
Бизнес адам укуктарын ишке ашырууга зор оң салым кошууда. Компаниялар жумушка орношуу жана көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берип жатышат. Ишкерликтен төлөнгөн салыктар, мисалы, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана турак-жай менен камсыздоо тармагындагы коом үчүн маанилүү милдеттерди чечүүгө жумшалат. Коомдун алдында турган чакырыктарга биринчилерден болуп жооп берип, чечүү жолдорун сунуштаган - бул бизнес.
Күнүмдүк жашоо көпчүлүк учурда бизнести ак ниет жүргүзүүдөн көз каранды. Ишкерлик жумуш берүүчү болуп саналат жана бул жагынан алганда андан жумушчунун гана эмес, анын үй-бүлөсүнүн дагы бакубаттыгы көз каранды. Бизнес кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт жана товарларды сатат, өндүрүштү жүргүзүп, өндүрүмдөрдү чыгарат. Ал бардык баскычтарда өзүнүн керектөөчүлөргө, ишкердигин жүргүзгөн аймактын жашоочуларына, коомго, курчап турган чөйрөгө өзүнүн таасирин эске алышы же этибар албай коюшу мүмкүн.[1]
Ошондуктан бизнес жана адам укуктары – бул кандай болбосун, кеңдигине, түрүнө, менчигине, чөйрөсүнө карабастан ишкерлик пайда табуусу керектиги тууралуу.
Адам укуктарынын негизи 1948-жылдагы Адам укуктарынын жалпы декларациясы болуп эсептелет, анда мындай делет:
"Генералдык Ассамблея бул Адам укуктарынын жалпы декларациясын бардык элдер жана мамлекеттер умтулушу керек болгон милдет катары жарыялайт, ошондуктан ар бир адам жана коомдун ар бир органы ушул Декларацияны дайыма көңүлгө алып, агартуу жана билим берүү аркылуу ушул укуктарды жана эркиндиктерди урматтоого аракеттешүүгө умтулуулары керек..."
бизнес көңүл бурушу керек болгон негизги адам укуктары бекитилген, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Адам укуктарынын жалпы декларациясын
- Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт
- Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык пакт
- Эл аралык эмгек уюму тарабынан кабыл алынган стандарттар да маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат.
БУУнун Глобалдык келишими (БУУ ГК) – корпоративдик социалдык жоопкерчилик жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө бизнес үчүн эл аралык демилге ишкерликти жоопкерчиликти жүргүзүү тематикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү баскыч болуп калды. 2000-жылы БУУнун Баш катчысы Кофи Аннандын чакырыгы боюнча түзүлгөн БУУ ГК туруктуу өнүктүрүү концепциясын түзүүгө жана жайылтууга бизнести тартуунун маанилүү куралына айланды.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Джон Ругги тарабынан иштелип чыккан Бизнес жана адам укуктары боюнча жетектөөчү принциптерин: "укуктук коргоо, сактоо жана каражаттарына" карата Бириккен Улуттар Уюмунун алкактыктарын ишке ашырууну (БУУнун жетектөөчү принциптери)" бир добуштан бекиткен.
Бул ишкерликтин адам укуктарына терс таасир тийгизүүчү тобокелдиктерин азайтуу үчүн кандай кадамдарды жасоо керектиги жөнүндө ондогон жылдарга созулган талкуунун маанилүү учуру болду. Бекитилген Жетектөөчү принциптер ишкердик ишмердүүлүктүн адам укуктарына тийгизген таасирине байланышкан маселелерди чечүү үчүн биринчи абройлуу глобалдык негиз болуп калды. Көрсөтмөлөр мамлекетке да, бизнеске да тиешелүү жана ишкердик ишмердүүлүктөн келип чыккан адам укуктарынын тобокелдиктерин аныктоо боюнча алардын тийиштүү милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт.
БУУнун Жетектөөчү принциптери үч негизги алкактан турат:
1. Мамлекеттин адам укуктарын ар кандай үчүнчү жактардын, анын ичинде бизнестин кол салууларынан коргоо милдети;
2. Бизнестин адам укуктарын коргоо жоопкерчилиги.
3. Бизнес алардын укуктарын бузган учурда жабыр тарткан адамдарга натыйжалуу коомдук жана коомдук эмес каражаттар кеңири жеткиликтүү болушун камсыз кылуу зарылчылыгы.
БУУнун Жетектөөчү принциптери жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзүүнү камсыздоо маселелери боюнча таанылган дүйнөлүк стандарт болуп калды. Алар мамлекеттер жана ишканалар бул тармактагы өз саясаттарын жана механизмдерин кура турган негизги принциптерди, кадамдарды жана процесстерди аныкташат.
Дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсү БУУнун Жетектөөчү принциптеринин жоболоруна таянган Бизнес жана адам укуктары боюнча иш-аракеттердин улуттук планын кабыл алышкан.
Эл аралык адам укуктарын жана эмгек стандарттарын өздөрү үчүн милдеттүү катары тааныгандыгы тууралуу ачык жарыялаган, адам укуктары боюнча саясатты кабыл алган жана компаниянын ишиндеги адам укуктарына коркунучтарды аныктоо жана баалоо процедураларын ишке ашырган трансулуттук корпорациялардын, бизнес-ассоциациялардын жана ишканалардын саны өсүүдө. Муну жарыялаган компаниялар адам укуктарынын компаниянын өзүнө карата гана сакталышын камсыз кылбастан, ошондой эле алардын жеткирүү чынжырларында адам укуктары бузулбашы үчүн аракеттерди көрүшү керек.
Бир катар мамлекеттер компанияларды ишмердүүлүгүнүн ар башка баскычтарында адам укуктары үчүн тобокелдиктерди аныктоого милдеттендирген ички мыйзамдарды кабыл алышты. Франция 2017-жылы өлкө аймагында иштеген ири трансулуттук компанияларды өздөрүнүн бардык глобалдык операцияларында адам укуктарын сактоого тиешелүү текшерүүнү талап кылган мыйзамды кабыл алган биринчи өлкө болду. 2021-жылдын башында Германия ушул жылы күчүнө кирген ушундай мыйзамды кабыл алган. 2022-жылдын сентябрында Япония өкмөтү компаниялар үчүн жеткирүү чынжырында жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду камсыз кылуу боюнча усулдук нускамаларды кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, бизнес жана жарандык коом бул эл аралык трендден четте кала албайт. Кыргыз Республикасынын БУУдагы мүчөлүгү, адам укуктары жаатында эл аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелер, эл аралык соода кызматташтыгын өнүктүрүүгө умтулуу БУУнун Жетектөөчү принциптеринин негизинде ишкерлик жана адам укуктары боюнча Улуттук пландарды кабыл алуу зарылдыгын аныктап турат.
Белгилей кетүүчү нерсе, БУУнун Жетектөөчү принциптери адам укуктары жаатында жаңы стандарттарды түзбөйт. Алар учурдагы таанылган стандарттарды бизнес-түзүмдөр тарабынан аларды ишке ашыруунун тажрыйбага олуттуу таасирин эске алуу менен кантип натыйжалуу кылуу керектиги тууралуу маселени актуалдаштырат.
Кыргызстанда БУУнун жетектөөчү принциптеринин негизинде адам укуктарын актуалдаштырууга БУУнун Өнүктүрүү программасы чоң салым кошууда. "Адилет" укуктук клиникасы жана адам укуктары жаатындагы эл аралык эксперттер менен биргеликте "Бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндө улуттук базалык баалоо" даярдалган. Бул изилдөөнүн негизинде министрликтердин, Акыйкатчынын жана башка мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгып, кабыл алат. БУУ ӨП өлкөнүн улуттук артыкчылыктарына дал келген жана келип чыккан керектөөлөрдү эске алган ийкемдүү программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга умтулат.
Бул макала Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУ ӨПтүн "Бизнес жана адам укуктары" (B+HR) долбоорунун алкагында Кыргызстандагы ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампаниянын элементи болуп саналат.
Автору: Манаева Айдай